Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Токтогулда наристеге ыплас ыдык көрсөтүүгө шектелген киши эркиндикке чыкты

Жалал-Абад облусунда алты жашар кызга сексуалдык ыдык көрсөтүүгө шектелип кармалган 62 жаштагы жергиликтүү тургун соттон акталып чыкканы белгилүү болду. Токтогул райондук сотунун басма сөз кызматы кабарлагандай, 24-декабрда аталган соттун өкүмү менен айыпталуучу Т.А.А. аттуу жарандын аракетинде Кылмыш-жаза кодексинин "Ыплас аракеттер" деген 158-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыштын курамы жок экени аныкталып, ал акталган. Камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы өзгөртүлүп, сот залынан камактан бошотулган.


Милиция аталган жаран былтыркы жылдын март айында кошунасынын алты жашар кызын бир нече жолу алдап, гаражга алып кирип, ыплас аракет жасаганын, наристени "ата-энеңе айтсаң аларды өлтүрөм" деп коркутканын, колу-бутуна чапканын маалымдаган. 


Бирок шектүү мындай айыптоону четке кагып, күнөөсү жок экенин билдирген.




Окуя болгон айылдын тургундары жана кыздын жакындары ал адам абактан бошонгондон кийин кайрадан Кара-Көл шаарындагы үйүнө барганына кооптонуп жатышат. Алар 5-январда чогулуп, балдары үчүн коркуп жатканын айтышты жана аталган жарандын көчүп кетүүсүн талап кылышты.



Кыргызстандын акыйкатчысы 2022-жылы өлкөдө жашы жете элек балдарга зордук-зомбулук, адам укугун бузуу боюнча иштердин 31% кыскартылып, 32% гана сотко жеткенин маалымдаган. Калган 37% создуктурулуп, териштирүү этабында калган. (TB)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus