Шаршембиде Газа тилкесинде кеминде 22 палестиналык каза тапканын Рейтер агенттиги анклавдын дарыгерлерине шилтеме жасап кабарлады. Маалыматка караганда, бир дүрмөт Газа шаарынын Шейх Радван конушуна тийгенде бери дегенде 10 киши өлдү. АКШда жана Еврошаркетте террордук деп таанылган ХАМАС радикал тобу башкарган анклавдын дарыгерлери Зейтун конушунун жанында дагы беш киши аба соккусунан набыт болгонун билдиришти.
Миңдеген палестиналыктар баш калкалаган Дейр Балах шаарында израилдик аскерлердин соккусу дагы үч кишинин өмүрүн алды.
Израиль армиясы (ЦАХАЛ) үч жумадан бери операция жүргүзүп жаткан Жабалияда дарыгерлер төрт кишинин өлүмүн такташты.
Израиль тараптан бул маалыматтарга байланыштуу комментарий түшө элек.
Шейшембиде Хан Юнистин жанындагы Маваси лагеринде 18 киши, анын ичинен балдар менен аялдар да каза тапкан.
Ал арада АКШ, Катар жана Египет ок атууну токтотуу аракетин улантууда. Булактардын бири бул жолку сүйлөшүүлөрдү келишимге жетишүү үчүн эң олуттуу аракет деп сыпаттады.
Шейшембиде ХАМАС Израиль согушту токтотуп, аскерлерин тилкеден чыгарып кетсе гана барымтадагыларды бошоторун кайталап айтты. Ал эми Израиль радикал топ тарап барымтадагыларды азат кылгандан кийин урушка чекит коюларын билдирүүдө.
Газанын саламаттык сактоо мекемеси шаршембиде билдиргендей, согуш башталган 2023-жылдын 7-октябрынан бери Газада 45 936 палестиналык каза болду. Ал күнү ХАМАС тилкенин аймагынан Израилге кол салганда 1200 киши өлгөн, 250дөй кишини жоочулар туткунга алган. Андан бери барымтадагылардын жарымынан көбү коё берилди же набыт болду.