Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Президенттик администрацияда өлкөдөгү эпидемиологиялык абал талкууланды

Президенттик администрацияда өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча кеңешме өттү. Анда Саламаттык сактоо министрлиги маалымат берип, бүгүнкү күндө өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу экенин билдирди.


Мекеменин маалыматына ылайык, курч респиратордук вирустук инфекциялар (КРВИ) менен ооруган 4245 адам, сасык тумоо менен 16 адам катталды.



Жыйынга төрагалык кылган Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов мектептер жана бала бакчалар кышкы эс алуудан соң кайрадан эшигин ачар алдында респиратордук инфекциялардын кеңири жайылышына жол берилбестигин белгиледи.



Жыйындын аягында Саламаттык сактоо министрлигине жана башка тиешелүү органдарга оорулардын жайылышын алдын алуу иш-чараларын күчөтүү, эпидемиологиялык абалды такай көзөмөлгө алуу тапшырмасы берилди.



8-январга карата Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында 606 бейтап дарыланып жатат. Бул ооруканага кайрылган бейтаптар ушул жылдын башынан тартып көбөйүп, узун кезек пайда болгону кабарланган.



Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев курч респиратордук вирустук инфекциялардын (КРВИ), сасык тумоонун жана башка жугуштуу оорулардын көрсөткүчүнүн сезондук өсүшүнө байланыштуу билдирүү таратып, жарандарды ден соолугуна көңүл бурууга жана ооруну алдын алууга чакырган. Ал бейтаптарды биринчи ирет Үй-бүлөлүк медицина борборлоруна кайрылууга үндөгөн. (ZKo)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus