Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Мектептерде техникалык кызматкерлердин айлык акысы көтөрүлөт

Быйыл Кыргызстандагы жалпы билим берүүчү мектептердеги кенже техникалык кызматкерлердин айлык акысы көбөйөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Болот Иманалиев 1-радионун түз эфиринде билдирди.



Министрдин орун басары мектептерде ата-энелерден акча чогултууга тыюу салынганына карабай класстарды тазалоого жана мектептин башка муктаждыгына деп мажбурлап акча чогултуу уланып жатканын билдирди. Муну тыюу үчүн министрлик көп иштерди жүргүзүп жатканын белгилеген Иманалиев мектептердеги кенже техникалык кызматкерлердин айлык акысын көбөйтүү жана мектеп имаратын оңдоо үчүн жетишерлик акча бөлүнүп жатканын айтты.



"Техникалык кызматкерлердин айлык акы маселеси чечилбей келген. 2022-жылы мугалимдердин айлык акысы көбөйтүлүп, мектептердеги мугалим жетишсиздиги жоюлду десем болот. Бирок кенже техникалык кызматкерлердин, тейлөөчү кызматкерлердин айлык акысы көтөрүлгөн эмес. Министрлер кабинети быйылкы жылы алардын айлык акысын көбөйтүүнү пландап жатат. Эми тиешелүү токтом кабыл алынышы керек", - деди Иманалиев.



Министрдин орун басары класстарды балдар жууп-тазалаган салтты кайтаруу зарылдыгын кошумчалады.



Былтыр августта Билим берүү жана илим министрлиги мектеп окуучулары өздөрү окуган класстардын, парталардын тазалыгына өздөрү көз салып, жууп-тазалашы керек деген буйрук чыгарган.



Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева бул балдарды тазалыкка жана жоопкерчиликке тарбиялай турганын белгилеген.


Президент Садыр Жапаров 2023-жылы жарлыгы менен мектептердин алдында коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салгандан кийин окуу класстарын тазалоо жана коопсуздукка көз салган күзөт кызматын каржылоо маселеси жаралган. Айрым мектептерде класстарды балдар жууп-тазалап жатканын айткан ата-энелер нааразылыгын билдиришкен.



Кыргызстанда 2397 мектеп бар. Анда 80 миңден ашык мугалим иштейт, 1 млн 480 миңден ашуун бала окуйт. (ZKo)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus