Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Президент Садыр Жапаров автоунаа салыгы жоюлганын билдирди

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда автотранспортко салыкты толугу менен жоюу боюнча тапшырма берип, жарлыкка кол койгонун билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчы Фейсбуктагы расмий баракчасына жазды.


Президент мындай чечим “Жол фонду жөнүндө” мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө киргени менен байланыштырды. Ага ылайык, ушул жылдын 1-январынан тартып бензин жана дизел майынын ар бир литрине кошумча 1 сом төлөнөт. Андан түшкөн каражат Жол фондуна түшөт жана автоунаа жолдорун оңдоого, салууга жана реконструкциялоого пайдаланылат.


“2025-жылдын 1-январына чейин автотранспортко салык төлөбөй келген жарандарыбызды да салыктан бошотуу (амнистия) боюнча тапшырма бердим. Бул салыктын түрүн төлөбөй жүргөндөр ого эле көп экен. Мамлекет үчүн канчалык оор болсо да баарын кечтик. 2022-жылдын 1-январына чейинки юридикалык жана жеке ишкерлердин болгон карыздарын да кечтик (2022-жылдын 1-январына чейинки салыктар текшерилбейт)”, - деп жазды президент.


Мындан тышкары дыйкандарды жер салыгынан бошотуу боюнча мораторий 2030-жылга чейин узартылды.


Президент мамлекет салыктын эсебинен өнүгүп, эмгек акы, пенсия жана жөлөк пулдар көбөйөрүн, социалдык объектилер курулуп, жолдор салынарын айтты жана элди салыкты өз убагында төлөөгө чакырды.  




“Жол фонду жөнүндө” мыйзамга Садыр Жапаров былтыр декабрь айында кол койгон. Документти Жогорку Кеңеш 2023-жылы 20-ноябрда кабыл алган.


Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдиргендей, жолдорду тейлөөгө жылына 10 млрд сом керектелет. Бирок бюджеттен болгону 2 млрд сом бөлүнөт.


Кыргызстанда 1 млн 400 миңге жакын автоунаа катталган. Анын 1,1 миллиону – жеңил машинелер. Өкмөт автоунаалардын саны жыл сайын көбөйүп, жолдорду коопсуз абалда кармоого чыгым да өсүп жатканын билдирүүдө. Ал көбөйүп жаткан чыгымды айдоочулар төлөшү керек деп эсептейт.


Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматында, Кыргызстанда автоунаа жолдорунун узундугу 34 миң чакырым, анын ичинен 19 840 км жол Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин карамагында. Автоунаа жолдорунан жылына болжолдуу 98% жүргүнчү жана 96% жүк ташылат. (BTo)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus