Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Ош-Баткен жолундагы кырсыктан бир адам каза болуп, бир нече киши ооруканага түштү

7-январь күнү саат 20:00 чамасында Кадамжай району аркылуу өткөн Ош-Баткен-Раззаков автоунаа жолунун 131-чакырымында эки машине кагышкан. Баткен облустук ички иштер башкармалыгы маалымдагандай, кырсыктын кесепетинен 50 жаштагы аял каза болду.



Маалыматка ылайык, кырсык жолдун Кадамжай районундагы Исхак Полотхан айылындагы тилкесинде болгон. Кырсыкка "Хундай-Соната" үлгүсүндөгү автоунаа каршы тилкеге чыгып, каршы багытта келе жаткан "Фольсксваген-Гольф-3" үлгүсүндөгү машине менен сүзүшкөнү себеп болгон.



Кырсыктын кесепетинен "Фольксваген-Гольф-3" автоунаасынын 50 жаштагы жүргүнчүсү Кадамжай райондук ооруканасында көз жумган.



Айдоочулар жана башка жүргүнчүлөр жаракат алып, Кадамжай райондук ооруканасынын сыныктар бөлүмүнө жаткырылган. Бул факт Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүндө (РИИБ) катталып териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.


Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) маалыматына караганда, былтыр 11 айда өлкөдө 6 миңден ашуун жол кырсыгы катталган. Андан 640 адам каза болуп, дагы 9 миңге жакын киши жаракат алган. (JsA/ZKo)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus