Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

ЭТТК боюнча жумушчу топ президентке бир айдын ичинде сунуш берет

Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды (ЭТТК) колдонууну жөнөкөйлөтүү боюнча мекемелер аралык жумушчу топ ЭТТК тууралуу бир айдын ичинде президентке сунуш бериши керек.


Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаров Фейсбуктагы расмий баракчасына жазды.


Экономика жана коммерция министрлигинин, Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдө кызматынын, Мамлекеттик бажы кызматынын, Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери кирген жумушчу топ 2024-жылы 31-декабрда түзүлгөн.


30-декабрда өкмөттүн жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев ЭТТК боюнча жеңилдиктерди анализдөө тапшырмасын берген.




Мамлекеттик салык кызматынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов менен Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев 23-декабрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономика жана фискалдык саясат комитетинде ЭТТК маселесине байланыштуу кайым айтыша кеткен.


Алмамбет Шыкмаматов ЭТТКны беш товарга гана - мунай заттарына, алкоголдук ичимдиктерге, тамекиге, дары-дармекке жана медициналык буюмдарга гана калтырууну сунуштап жатат. Бүгүнкү күндө ЭТТК 13 миңден ашуун ар кандай товарга колдонулат.


Кыргыз өкмөтү 2022-жылдын башынан тарта өлкөдө фискалдык реформа деген негиз менен көзөмөл-кассалык машина, электрондук эсеп-фактура жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазы өңдүү салыктык башкарууну санариптештирүү иштерин жүргүзүп келет. Салыктык башкаруунун татаалдашуусу менен кошо эле салыктын жүгү да өсүп жатканын белгилеген соодагерлер жана ишкерлер базарларда нааразылык акцияларын өткөрүшкөн.


ЭТТК – товар, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүчү транспорт каражаты жөнүндө жана башка маалыматтарды камтыган электрондук документ. (BTo)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus