Жогорку Кеңештин экс-депутаты, мамлекеттик жана коомдук ишмер Мамат Орозбаев 7-январда 79 жашында каза болду. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Мамат Орозбаев 1946-жылы Ош облусунун Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылында туулган. 1971-жылы Самарканд кооперативдик институтун аяктап, Жалал-Абад кооперативдик техникумунда окутуучу катары ишин баштаган.
1975-1979-жылдары Кара-Суу район аралык базасында, 1979-1984-жылдары Жалал-Абад универсалдык соода базасында директор болуп эмгектенген. Андан соң Ош облустук соода башкармалыктарында жана башка мекемелерде жетекчилик кызматтарды аркалаган.
1990-жылы “Легендарлуу парламент” деп аталган Кыргыз ССР Жогорку советинин 12-чакырылышына депутат болуп шайланган. 2010-жылы Жогорку Кеңештин V чакырылышында да депутат болгон. (BTo)