Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Жугуштуу оорулар ооруканасына кайрылгандар көп, бейтаптар коридорго да жайгаштырылууда

Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында ушул күндөрү 606 бейтап дарыланып жатат. Бул тууралуу сөз болуп жаткан оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Нургүл Молдалиева “Биринчи радионун” эфиринде айтты.


Анын сөзүнө караганда, Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасы 500 гана бейтапка ылайыкташкан, бирок кайрылгандар көп болгондуктан адамдар коридорлорго да жайгаштырылууда. Акыркы бир сутканын ичинде 317 киши кайрылып, анын 123ү ооруканага жаткырылды. Алардын ичинен 114ү балдар, 9у чоңдор.




“Ооруканада жаткандардын көбү курч респиратордук вирустук инфекция менен жабыркагандар. Андан кийин кызамык, көк жөтөл жана башка илдет менен ооругандар бар”, - деди ал.


Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына кайрылган бейтаптар ушул жылдын башынан тартып көбөйүп, узун кезек пайда болгон.


Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев курч респиратордук вирустук инфекциялардын (КРВИ), сасык тумоонун жана башка жугуштуу оорулардын сезондук өсүшүнө байланыштуу билдирүү таратып, жарандарды ден соолугуна көңүл бурууга жана ооруну алдын алууга чакырган. Ал бейтаптарды биринчи ирет Үй-бүлөлүк медицина борборлоруна кайрылууга үндөгөн. (BTo)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus