Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Кара-Сууда 32 гектар жер тилкеси мамлекетке алынды

Ош облусунун Кара-Суу районунда баасы 500 млн сомдон ашуун, аянты 32 га болгон жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлагандай, жер тилкеси кылмыш жолу менен алынган кирешени мыйзамдаштырууга жана уюшкан кылмыштуу топту каржылоого байланыштуу козголгон кылмыш ишинин материалдарынын негизинде мамлекетке алынды.



Маалыматка ылайык, жер тилкеси турак жай курууга трансформацияланган.



Коопсуздук кызматы кылмыш жолу менен алынган мүлктү, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрүн аныктоого багытталган ыкчам иш-чараларды улантып жатканы кабарланды.




Былтыр октябрь айында Кара-Суу районунда 242 млн 50 миң сомдук жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылган. Аталган участокто “Кыргыз темир жолу” ишканасынын түштүк бөлүмүнө караштуу Кара-Суу бекетинин имараттары жайгашкан жана ага тийиштүү жалпы 10 443,5 м2 түзгөн.



Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин буга чейинки маалыматына ылайык, соңку үч жылдан бери ондогон мүлк мамлекетке жана муниципалдык менчикке кайтарылды. Анын көбү базарлар, автобекеттер жана жер тилкелери.(ZKo)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus