Сауд Арабиянын бир катар калааларын нөшөрлөгөн жаандан кийин суу каптады
Сауд Арабиянын метеорологиялык кызматы Меке, Медина жана Жидда шаарларында эң жогорку - кызыл деңгээлдеги эскертүү жарыялады. Былтыр апрель-май айында Перс булуңундагы бир катар мамлекеттер катуу нөшөрдөн жабыркап, жыйырмадан ашуун адамдын өмүрү кыйылган.
Эксперттер белгилегендей, Араб мамлекеттеринде сууну сордурган, канализация системалары соңку жылдардагыдай адаттан көп чаан-чачынга ылайыкташкан эмес.