Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Зилалиев менен чогуу камалган Сатыбековдун камактагы мөөнөтү узартылды

Лицензия берүүдөгү жемкорлукка шек саналып кармалган Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин мурдагы директору Мелис Сатыбековдун камактагы мөөнөтү 4-мартка чейин узартылды.


Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы анын камактагы мөөнөтүн узартуу боюнча арызды 2024-жылдын 30-декабрында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Башкы тергөө башкармалыгынын улук тергөөчүсү берип, ал канааттандырылганын билдирди. Бул маалымат 7-январда маалым болду.


2024-жылы 13-сентябрда мурдагы вице-премьер министр Дүйшөнбек Зилалиев менен Мелис Сатыбеков кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук соту Дүйшөнбек Зилалиевди 4-ноябрга чейин камакка алган. Ал былтыр 30-сентябрда эч жакка чыкпоо тил каты менен тергөө абагынан бошотулганы 6-январда белгилүү болду.




УКМК аларга лицензия берүүдөгү жемкорлукка байланыштуу айып такканын “Азаттыкка” атайын кызматтагы булактар билдирген. Жергиликтүү маалымат каражаттары экөө тең 2017-жылы кызматта турганда “мыйзамсыз иштерди жасаган” деп шек саналып жатканын жазышкан.


51 жаштагы Зилалиев 2016-2017-жылдары Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетин жетектеген. 2017-жылы августта өкмөттүн экономика маселелерин караган вице-премьер-министр болуп дайындалып, 2018-жылы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна жетекчи болгон.


44 жаштагы Мелис Сатыбеков тууралуу ачык булактарда кенен маалымат жок. Анын интернеттеги өмүр баянында Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары, Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин директору болуп иштегени тууралуу жазылган. (BTo)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus