Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

АКШда куш тумоосунан каза тапкан алгачкы учур катталды

Кошмо Штаттарда куш тумоосунан (H5N1) каза тапкан алгачкы адам катталды. Бул тууралуу CNN телеканалы Луизиана штатынын Саламаттык сактоо башкармалыгына шилтеме менен кабарлады.


Маалыматка караганда, 65 жаштагы бейтап башка илдеттерден да жабыркап жүргөн. Аны өткөн айда ооруканага жаткырышкан. Дарыгерлер маркум вирусту үйүндө баккан жана жапайы канаттуулардан жугузуп алганын болжолдошот. Штатта куш тумоосунун башка учурлары, инфекциянын адамдан адамга жуккан учуру катталган эмес. Калкка карата коркунуч төмөн деп бааланууда. Бирок канаттуулар же үй жандыктары менен иштегендерге этият болуу сунушталат.


Былтыр АКШда куш тумоосуна чалдыккан 66 киши катталган. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча 2023-жылы дүйнөдө H5N1 900 кишиге жуккан, жарымына жакыны көз жумган.


Эксперттер оорунун оор түрлөрү гана катталганын, жеңил учурлар статистикага кирбегенин белгилешет. Ошол эле маалда дарыгерлер вирус мутацияга туш болуп, адамдан адамга тез жугушу мүмкүн деп эскертишет. Башка вирустардай эле куш тумоосуна каршы дары жок.


Вирустан жер которгон куштардан тышкары тоок жана башка үй канаттуулары жабыркашы ыктымал.




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus