Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Францияда Charlie Hebdo журналына кол салуунун 10 жылдыгы эскерилүүдө

Францияда “Шарли Эбдо” (Charlie Hebdo) сатиралык журналынын редакциясына болгон кол салуунун 10 жылдыгын эскерип жатышат. Ошол окуядан өлкөдө ашынган исламчыл согушкерлердин бир нече чабуулу башталган. Муну менен катар басма сөздүн эркиндиги тууралуу талкууларга жем таштаган.


2015-жылы 7-январда “Ал-Кайида” менен байланыштагы куралчан эки адам журналдын редакциясына кирип барып, ок ачканда 12 киши өлгөн. Алардын сегизи журналисттер болчу.


Кол салууну уюштургандар журнал андан он жылдай мурун жарыялаган Мухаммед пайгамбардын шакаба сүрөттөрүн жарыялаганы үчүн өч алганын билдиришкен. Терактты ишке ашыргандар Францияда туулуп-өскөн кишилер болгону аныкталган. Аларды полиция атып өлтүргөн.


Ошол маалдагы мамлекет башчы Франсуа Олланд 7-январда Рейтер агенттигине берген интервьюда: “Айрым окуялар ошондон бери көз алдыман кетпейт. Анын артынан дагы трагедиялар болушу мүмкүн экенин түшүнүп турганбыз. Айткандай эле кайгылуу окуялар кайталанды”, - деп айтып берди.


Журналдын редакциясына кол салуудан эки күн өткөндө куралчан адам Париждин жака белиндеги дүкөндө полиция кызматерин жана төрт жөөттү өлтүргөн.


Рейтер агенттиги жазгандай, ошондон бери Францияда ашынган исламчылардын кол салууларынан 250дөн ашуун киши каза тапты.


Исламда Мухаммед пайгамбардын сүрөтүн тартуу динге акаарат келтирүү болуп эсептелет.


“Шарли Эбдонун” сынчылары шакаба сүрөттөрдү утур-утур чыгаруу менен басылма чектен чыгып, исламофобияга ыктаган деп айыпташат. Журнал муну четке кагып, башка диндерге, анын ичинде христианчылыкка байланышкан карикатураларды да жарыялаганын айтып келет.




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus