Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Милиция Баткенде “жолдошу бычактаган” деп айтылып жаткан келин боюнча маалымат берди

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы “жолдошу бычактап, ооруканага түшкөн” делген келин тууралуу комментарий берди.


Милициянын маалыматына ылайык, 2024-жылдын 31-декабрына караган түнү Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө Суу-Башы айыл аймагынын 31 жаштагы тургуну (И.Ч. аял киши) денесинен жаракат алып түшкөнү тууралуу маалымат келген.


Ал Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматтардын электрондук журналына катталып, ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып, тиешелүү экспертизаларды дайындаган.


Сурак учурунда жабырлануучунун күйөөсү (32 жаштагы М.Б.) аялы менен пикир келишпестиктен уруша кеткенин билдирген.


Милиция келиндин абалы туруктуу орто экенин, ал өзүнө кол салганын, эч кимге арыз-доосу жок экенин айтканын жана тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын кабарлады.




6-январда баткендик блогер Батмакан Жолболдуева Фейсбуктагы баракчасына дарыгер келинди жолдошу бычактап салганын жазып, күйөөсүнө чара көрүүнү талап кылган. Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы анын постунун алдына комментарий калтырды.


Соңку жылдары Кыргызстанда аялдарга жана балдарга каршы үрөй учурган зомбулук фактылары катталууда.


Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2024-жылдын 10 айында ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 14 293 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 37,2% же 3 877 учурга көп (былтыр 10 айда 10 416 факты катталган).


Былтыркы жылдын 12 айы боюнча маалымат азырынча чыга элек. (BTo)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus