Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Үч айдан ашуун тергөө абагында отурган Зилалиевдин бөгөт чарасы өзгөргөнү маалым болду

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту З.Д.Т (Зилалиев Дүйшөнбек Текшербекович-ред.) аттуу жарандын бөгөт чарасын өзгөрттү. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы маалымдады.


Маалыматка ылайык, тергөө тобунун башчысы – Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Башкы тергөө башкармалыгынын улук тергөөчүсүнүн 2024-жылы 30-сентябрда берилген арызы канааттандырылды. Зилалиевдин камакка алуу чарасы сыртка чыкпоо тил катына алмаштырылды.


Былтыр 13-сентябрда мурдагы вице-премьер министр Дүйшөнбек Зилалиев менен Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин мурдагы директору Мелис Сатыбеков кармалган.


Эртеси Бишкектин Биринчи май райондук соту Зилалиев 4-ноябрга чейин камалганын билдирген.


УКМК аларды лицензия берүүдөгү жемкорлукка шек санап жатканын "Азаттыкка" атайын кызматтагы булактар билдиришкен. Жергиликтүү маалымат каражаттары экөө тең 2017-жылы кызматта турганда "мыйзамсыз иштерди жасаган" деп шек саналып жатканын жазышты.


УКМКдагы булактар Сатыбеков 4-ноябрга чейин тергөө абагына камалганы кабарлаган.



51 жаштагы Зилалиев 2016-2017-жылдары Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетин жетектеген. 2017-жылы августта өкмөттүн экономика маселелерин караган вице-премьер-министр болуп дайындалып, 2018-жылы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна жетекчи болгон.



2018-жылдын октябрында Зилалиевге Жазык кодексинин "Террорчулук жөнүндө атайылап жалган маалымат таратуу" беренесинин негизинде иш козголуп, шарттуу түрдө үч жылга кесилген. Ал мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы күнү бомба тууралуу жалган маалымат тараткан деп айыпталган.



2020-жылы анын үстүнөн Башкы прокуратура Жазык кодексинин "Мыйзамсыз баюу" беренеси менен кылмыш ишин козгоп, Бишкектин Биринчи май райондук соту жети жылга кескен.



2021-жылы июнда Жогорку Сот Зилалиевге "Мыйзамсыз баюу" боюнча коюлган айыпты жокко чыгарып, ишти кайра кароого райондук сотуна жиберген. Жогорку Сот Зилалиевдин жазык ишин жокко чыгарууга биринчи инстанциядагы сотто эрежелер бузулганын жүйө келтирген.



44 жаштагы Мелис Сатыбеков тууралуу ачык булактарда кенен маалымат жок. Анын интернеттеги өмүр баянында Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары, Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин директору болуп иштегени тууралуу жазылган.




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus