Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Лейлекте жардыргыч заттан жабыркаган эки бейтап Ошко дарыланууга жиберилет

5-январь күнү жардыргыч заттан жабыркаган эне-бала санавиация менен Оштогу ооруканага дарыланууга жеткирилет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.


"Бейтаптарды жеткирүү бардык зарыл болгон медициналык жабдууларды колдонуу менен тажрыйбалуу дарыгерлердин көзөмөлүндө жүргүзүлөт", - деп жазылган маалыматта.


Саламаттык сактоо министрлиги бейтаптарга Лейлектин Кулунду айылындагы үй-бүлөлүк медицина борборунда алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөнүн, алардын абалы оор бойдон калып жатканын билдирди.


5-январь күнү саат 16:20 чамасында Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка-2 айылынын жашоочулары: 32 жаштагы А.Н. (аял киши) жана анын 11 жаштагы кызы К.А. өздөрү жашаган үйдүн короосун жыйнап жатып, эски темирлердин арасынан белгисиз затты алып, үйдүн жанындагы бетонго таштаган учурда ал жарылып кеткен. Натыйжада А.Н бетинен, кызы бутунан жаракат алып, ооруканага түшкөн.



Жарылуу болгон үй, Чек ара кызматынын маалыматына караганда, 2022-жылы атышуунун кесепетинен дээрлик толук өрттөнүп кеткен.




Милициянын маалымдашынча, окуя болгон жерге инженердик сапердук топ чакырылып, курчоого алынган.



Жарылуу болгон үйдүн тургуну, 39 жаштагы А.К. белгисиз жардыргыч зат 2022-жылдын 16-сентябрындагы коңшу өлкө менен болгон куралдуу жаңжалдан калган болушу мүмкүн экендигин билдирген. Бул жагдай боюнча тийиштүү материалдар чогултулуп, экспертизалар дайындалып, алгачкы текшерүүлөр башталды.  (ZKo)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus