Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Казакстанда Январь окуяларынын курмандыктарын эскеришүүдө

Казакстанда Январь (Каңтар) окуяларынын курмандыктарын эскеришүүдө. 5-январда Алматы шаарынын акимчилиги жанына 3 жыл мурун болгон кандуу тиреш учурунда каза тапкандардын жакындары чогулду. «Азаттыктын» казак редакциясы маалымдагандай, алар шаар бийлиги эскерүү иш-чарасын уюштурган жок деп нааразылыгын айтышты. Жабыркагандар аким менен кездешүүнү талап кылышты. Бирок акимчиликтин кызматкерлери калаа башчысы ордунда жок деп, аларды кое бербей, башка өкүл менен жолугушууну сунуш кылышты. Талаш-тартыштан кийин маркумдардын жакындары имаратка кирип чыгышты.


Ага чейин алар Январь окуяларына арналган мемориалга барып, куран окушкан.




2022-жылдын башында газдын кымбатташына каршы митингдер бийликтин кызматтан кетишин талап кылган массалык акцияларга айланып, тоз-тополоң менен коштолгон.


Алматы ошол толкундоолордун очокторунун бири болгон. Аламандаган топ акимчиликке жана президенттик резиденцияга кирип барган. Кийин имараттарга өрт коюлган. Башкы прокуратура акимчилик менен резиденцияны басып алууга миңдей киши катышканын билдирген.


Расмий эсеп боюнча Январь окуяларында 238 киши набыт болгон. Алардын алтоо кармалгандан кийин кыйноолордон улам көз жумган. Бир нече миң киши кармалып, жүздөгөнү ыдык көргөнүнө арызданган. Бирок мындай фактыларга байланыштуу козголгон кылмыш иштердин көбү токтотулган. Эксперттер бул кандуу окуялар боюнча чындык толук ачыкка чыга элек деген пикирде.


Ал окуяларда кыргызстандык жарандар да жабыркаган.




 


 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus