Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

АКШ: Харрис Конгресстеги жыйында Трамптын жеңишин бекитет

АКШнын Конгресси дүйшөмбүдө президенттик шайлоонун жыйынтыгын бекитүү жараянына чогулат. Ошону менен республикачылар Дональд Трамп менен Жей Ди Вэнстин жеңишин расмийлештирилет. Адатта добуштарды бышыктоо формалдуу процедура болот. Жыйында ар бир штаттын шайлоочулар коллегиясынын добуш берүүсү тууралуу маалымат берилет. Бирок мындан төрт жыл мурунку окуялардан улам Вашингтондо коопсузудук чаралары күчөтүлдү. Президент Жо Байден 2021-жылдын 6-январында болгон окуялардын кайталанышына жол бербесин билдирди.


Ал жылы Жо Байдендин жеңишин тастыктоо учурунда Трамптын агрессивдүү тарапкерлери Капитолийге кирип барып, жараянды үзгүлтүккө учуратууну көздөгөн. Трамп Байдендин жеңишин эч качан тааныган эмес жана колдоочуларын шайлоонун чыныгы жыйынтыгын орнотуу үчүн күрөшкөнүн айтканы менен Конгресс отурган имаратка кол салууга түздөн-түз тукурган эмес.


АКШнын бийлиги ал окуяны көтөрүлүш катары сыпаттаган. Кагылышууларда бир нече киши каза тапкан. Шайлоонун жыйынтыгы бир нече сааттан кийин бекитилген. Трампка импичмент жарыяланып, кийин Сенат ага күнөө тагуудан баш тарткан. Жүздөгөн киши соттолду.


Саясат талдоочулар бул ирет жараян тынч өтөрүн белгилешет. Демократтар Трамптын жеңишин тааныган. Анын үстүнө республикачылар Конгресстин эки палатасында тең көпчүлүктү түзөт.


Конституцияга ылайык, добуштарды тастыктоо жараянына төргалык кылуу вице-президентке жүктөлөт. Башкача айтканда быйыл нобярдагы шайлоодо Трампка утулуп калган Камала Харрис шайлоонун жыйынтыгын бекитет.


Трамп 20-январда ант берип кызматына расмий киришмекчи.




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus