Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Казакстан менен Өзбекстан ортосунда жаңы темир жол курулуп жатат

Казакстан менен Өзбекстан ортосунда жаңы темир жол курулуп жатат. Бул тууралуу “Казакстан темир жолдору” компаниясынын басма сөз кызматына шилтеме менен “Азаттыктын” казак редакциясы жазды.


Маалыматка караганда, Дарбаза-Мактаарал жолун 2027-жылы ишке киргизүү каралууда. Ал Сарыагаш-Ташкент маршрутуна альтернатива болмокчу жана Өзбекстанга экпорттун көлөмүн көбөйтүүгө жардам берет.


286 млрд тенгеге (545,8 млн доллар) бааланган инвестициялык долбоордун алкагында казак-өзбек чек арасында жаңы өткөөл пунктун ачуу каралууда.


Борбор Азия темир жол менен жүк жана жүргүнчү ташуу көлөмүн көбөйтүү аракети көрүлүп жатат. Алсак, 27-декабрда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун баштоо аземи өткөн.


Темир жол “Кашкар - Торугарт - Макмал - Жалал-Абад – Анжиян” багытында түшөт. Анын узундугу жалпы 480 чакырымды түзсө, 311,75 чакырымы Кыргызстандын аймагынан өтөт. Кыргыз жергесинде 18 бекет, 81 көпүрө, 41 тоннел курулат. Макмалдын эки жагындагы колея эки башка өлчөмдө курулуп, ал жерге жүктү кайра жүктөөчү станция салынат. Темир жол жүк ташуучу да, жүргүнчү ташуучу да милдетти аткара алат.


Андан тышкары былтыр 16-ноябрдан тарта Алматы - Түркстан - Ташкент – Алматы саякат маршрутунун алгачкы программасы ишке ашырыла баштады.




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus