Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Кыргызстанда акыркы үч айда метапневмовируска чалдыккан эки адам аныкталды

2024-жылдын октябрь - декабрь айларында жугуштуу ооруларга байланыштуу 1 144 бейтаптан анализ алынып, анын ичинде эки адамдан метапневмовирус аныкталган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады.



Метапневмовирус курч респиратордук илдеттердин себептеринин бири экенин дүйнөлүк маалымат каражаттары жазып келишет. Башында бул вируска Кытайда көптөгөн адамдар, анын ичинде балдар чалдыгып жатканы кабарланган.



Саламаттык сактоо министрлиги эскерткендей, илдет адамдарда кадимки сасык тумоо сыяктуу - жөтөл, мурундун бүтүшү, баш оору жана дене табынын көтөрүлүшү менен башталат. Айрым учурларда дем жетпей, кыйналуу байкалып, бат эле өпкөнүн кагынуусуна алып келиши ыктымал.



Дарыгерлер ооруну алдын алуу үчүн санитардык-гигиеналык талаптарды так аткарууга, эл көп чогулуучу коомдук жайларга көп барбоого, андай жерде беткап тагынып, аралыкты сактап жүрүүгө чакырууда.



Жыл жаңыргандан кийинки күндөрү Бишкектеги Жугуштуу оорулар ооруканасына кайрылган адамдардын саны көбөйгөнү кабарланган. 2-январда аталган оорукананын кабыл алуу бөлүмүнө 281 адам кайрылса, алардын 93ү гана ооруканага жаткырылган, анын 87си балдар. 188 бейтап амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн.



Мунун алдында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев курч респиратордук вирустук инфекциялардын (КРВИ), сасык тумоонун жана башка жугуштуу оорулардын сезондук өсүшүнө байланыштуу билдирүү таратып, жарандарды ден соолугуна көңүл бурууга жана оорунун алдын алууга чакырган. Ал бейтаптарды биринчи ирет Үй-бүлөлүк медицина борборлоруна кайрылууга үндөгөн.




6-январда Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги аталган илдетти жуктургандардын саны өлкөдө отуздан ашканын маалымдады.



Метапневмовирус (илимий аталышы - MPVI) 2001-жылы респиратордук оору менен ооруган балдардын канын изилдөө учурунда аныкталган. Вируска өзгөчө 5 жашка чейинки наристелер жана улгайган адамдар көп чалдыгары айтылган. Вирус аба аркылуу жана кармаган буюмдар аркылуу жугары кабарланган.(ZKo)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus