Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Жаратылыш министрлиги Бишкектеги ыштын себептерин атады

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги майрам күндөрү Бишкекте жүргөн автоунаанын саны азайып, мындан улам абанын булганышы төмөндөгөнүн билдирди.


Министрлик Бишкектин үстүнөн тартылган видеону жарыялап, ушул күндөрү аба салыштырмалуу тазарганын маалымдады. Бирок министрлик үйлөргө көмүр жаккан жаңы конуштарда абанын булганышы ошол бойдон калып жатканын кабарлады.


Жаратылыш министрлиги абанын булганышынын 27% Бишкектеги автоунаадан чыккан түтүн, 29% жер тамдарга жаккан көмүр, желим дөңгөлөк жана тигүү цехтеринен чыккан ар кандай буюмдар себеп экенин билдирди.


Министрлик Бишкекте ыштан арылуу үчүн үйдү жылытуунун башка булактарына, транспорттун экологиялык таза түрүнө өтүү керектигин белгилейт.


Мэриянын 2024-жылдын 1-июнундагы маалыматында, Бишкек шаарында 416 837 автоунаа катталган. Аймактардан келип-кеткендерди эсептегенде жалпы шаарга бир күндө 600 миң машине жүрөт. Бишкектин жолдорунун сыйымдуулугу 350 машинеге ылайыкташтырылган.




Баш калаада акыркы жылдарда абанын булганышы башкы экологиялык маселеге айланды. Жыл сайын айрыкча күз-кыш мезгилинде, жылытуу сезону башталган учурда борборду каптаган ыш, түтүн күч алып, экология маселеси курчуйт. Бишкек абасы кир шаарлардын сап башына чыгат.


Абаны негизинен жер тамдарда жагылган от, Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) түтүнү, шаардын тегерегиндеги башаламан курулуштар, автоунаа булгай турганы айтылып келет. (TSh)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus