Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Газа: Израилдин соккусунан бир суткада 67 кишинин өмүрү кыйылды

Соңку бир суткада Газа тилкесине жасалган Израил армиясынын соккуларынан кеминде 67 кишинин өмүрү кыйылганын аймактын Саламаттык сактоо башкармалыгына таянып Reuters агенттиги жазды.


Мекеме тараткан билдирүүгө караганда, 11 киши, анын ичинде аялдар жана балдар Аль-Маваси районуна жасалган чабуулдан набыт болгон. Бул аймак жакында эле коопсуз гуманитардык зона деп жарыяланган.


Соккулардан ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп саналган) радикал уюмунун көзөмөлүндөгү полиция башчысы Махмуд Салах жана анын жардамчысы Хусам Шахван да кайтыш болгону кабарланды.


Израил аскерлери Шахвандын өлүмүн ырастап, аны "ХАМАСтын ички коопсуздук аппаратынын башчысы"деп атады. ЦАХАЛ билдиргендей, Шахван радикал уюм менен кызматташып, чалгын маалыматтарын даярдоо үчүн жоопкер болгон.


Ал эми Салах тууралуу Израил маалымат берген жок.


Андан тышкары Хан-Юнистеги аймактын ички иштер башкармалыгынын кеңсесине жасалган соккудан алты кишинин өмүрү кыйылган. Калгандары качкындар лагерине жасалган аба чабуулдардан мүрт кетишкен.


ЦАХАЛ соккулар урулганын ырастап, Аль-Мавасиге чабуул коердун алдында карапайым тургундар жабыркабашы үчүн "бардык чаралар" көрүлгөнүн билдирди. Хан-Юнистеги сокку ХАМАСтын согушкерлерине каршы багытталганын маалымдады.




Израил Газа тилкесиндеги аскердик операциясын 2023-жылдын 7-октябрынан бери жүргүзүп келет. Буга ХАМАСтын Израилдин түштүгүнө кол салуусу түрткү болгон. Анда 1200дөй жайкын тургун набыт болуп, 250дөй киши туткунга алынган.


Израил мындан кийин Газа аймагындагы ХАМАСты жок кылууга убада берген. Анклавда аскердик операция башталгандан бери 45,5 миңдей палестиндин өмүрү кыйылганын аймактын Саламаттык сактоо башкармалыгы билдирип келет.




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus