Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Кыргызстанда никеге 18 жаштан кийин гана уруксат берүү сунушталды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Үй-бүлөлүк кодекске сунушталган өзгөртүүлөрдү коомдук талкууга койду.


Долбоордо “18 жашка чыга элек адамдардын никеге туруусуна толук тыюу салуу” каралган. Анын ичинде 17 жашында никеге турууга уруксат алуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу сунушталган.


Мыйзамдын негиздеме катында белгиленгендей, Үй-бүлө кодексинин долбоорунун кайра иштелип чыккан версиясы сегиз бөлүктөн турат.


Учурдагы Үй-бүлө кодексине ылайык, нике курагы 18 жаш. Бирок жүйөлүү себептер болгон учурда каалоочулардын өтүнүчү менен комиссиялык корутундунун негизинде нике курагы бир жылга төмөндөтүлөт.


Бул жашы жете элек кыздарды эртелеп никеге турууга мажбурлоого алып келип жатканы айтылып келаткан.


Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык эрте куракта никеге турууга мажбурлоо, аны каттоо же ага колдоо көрсөтүү кылмыш болуп эсептелет.


Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына ылайык Кыргызстанда дээрлик ар бир төртүнчү нике бузулат.


Мыйзам долбоору 31-январга чейин коомдук талкууда турат. (KbA)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus