Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Өкмөт январда 4,7 млрд сомдук облигация чыгарат

Финансы министрлиги январь айында 4,7 млрд сомдук мамлекеттик казыналык облигацияларды чыгарат. 2025-жылы жалпысынан 34 млрд сомдон ашуун баалуу кагаз чыгаруу пландалган. Улуттук банк жарыялаган маалыматка ылайык, январда сатылчу казыналык облигациялар үч бөлүк менен чыгарылат.



Аукциондун күнү


Чыгаруу күнү


Купондун үстөгү


Мөөнөтү


Баалуу кагаздын көлөмү


10.01.2025


13.01.2025


5%


3 жыл


800 млн сом


17.01.2025


20.01.2025


7%


7 жыл


1 млрд 700 млн сом


24.01.2025


27.01.2025


8%


10 жыл


2 млрд 200 млн сом



 


Расмий жарыяланган маалыматтарга ылайык, ички карыз 2023-2024-жылдары эки эсе өсүп, 145 млрд сомго жеткен. Адатта өкмөт калктан алган карызды бюджеттин дефицитин жабууга, мамлекеттик ишканалардын карыздарын төлөөгө, түрдүү долбоорлорду каржылоого жана башка чыгымдарга жумшайт.


2023-жылы өкмөт жалпы 38 млрд сом ички карыз алган. Эң популярдуу 7 жана 10 жылдык облигациялар 15-16% үстөк менен сатылган.


Өкмөт 2025-2027-жылдары жыл сайын 34 млрд сомго баалуу кагаздарды чыгарууну пландап жатат. Башкача айтканда, мамлекет үч жылда калктан 100 млрд сомдон ашуун карыз алат.


Калктан карыз алуу үчүн Каржы министрлиги вексел жана облигация деген баалуу кагаздарды чыгарат. Айырмасы - вексел 1 жылга, облигация 2 жылдан 20 жылга чейинки мөөнөткө сатылат. Мамлекет баалуу кагаздарды сатып алган тарапка үстөк кошуп кайтарып берет. (KbA)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus