Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Түркияда "Крокустагы" теракт боюнча шектүүлөргө байланышы барларга айып тагылды

Стамбулдун башкы прокуратурасы "Ислам мамлекети" (ИМ) уюмунун мүчөсү делген беш кишиге Москванын жанындагы "Крокус Сити" концерттик залына кол салууну ишке ашырган деп шектелгендер менен байланышта болгон деген айып такты. 


Тергөөнүн маалыматына караганда Хофизжон Усмонов, Мутеулло Асоев, Рахматулло Саликов, Мухаммадрахим Файзов жана Хамза Мухаммад "Крокуска" кол салгандар менен байланышта болгон. "Анадолу" агенттиги алардын бири Москвадагы соода борборуна бомба коюу үчүн 800 миң рубль сунуштаганын жазды.


Айыпталуучулардын күнөөсү далилденсе "террордук уюмга мүчө болгондугу үчүн" соттолот. “Ислам мамлекетин” террордук уюм катары тааныган өлкөлөрдүн арасында Түркия да бар. Түркияда террордук уюмга мүчө болгон жаран 7 жарым жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.




Шектүүлөрдүн бири Файзов Тажикстандын жараны экени белгилүү. Усмонов "Крокуска" кол салган деп айыпталгандардын бири Шамсидин Фаридуни менен ИМдин жашыруун үйүндө жашаганы айтылууда. Асоев телефондон Москвадагы "Вегас" соода борборунда жардырууну уюштурууну сунуштап, аны Беларустун чек арасына жеткирүүнү жана ага убактылуу турак-жай, жаңы документтерди убада кылганы айтылат.


"Анадолунун" материалында сөз кайсы соода борбору тууралуу болгону так белгиленген эмес. "Вегастын" дүкөндөрүнүн бири "Крокус Сити Холл" менен бир комплексте жайгашкан.


2024-жылдын 22-мартында Москванын четиндеги "Крокус Сити" концерттик борборуна кокустан куралдуу кол салуу болуп, 145 адамдын өмүрү кыйылган. Кандуу чабуулга айыпталып төрт тажик жараны кармалган соң Борбор Азиядан барган мигранттардын жашоосу кыйындаган. Орусиянын Федералдык кызматы окуяга тиешеси бар деп жайырмага жакын адам кармалганын маалымдаган. (AiA)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus