Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

"Сапат" бардык мүлкүн "Маарифке" өткөрүп бергенин билдирди

“Сапат” эл аралык билим берүү мекемеси бардык мүлкүн жана расмий мөөрүн түркиялык “Маариф” фондуна өткөрүп бергенин 2-январда билдирди.


“Мындан аркы ишмердүүлүк боюнча бардык юридикалык жоопкерчилик “Маариф” фондуна тиешелүү экендигин билдиребиз”, - деген билдирүү мекеменин социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.


Мындан бир күн мурда мекеме “Сапат” лицейлеринин Түркиянын “Маариф” фондуна өткөрүлүшүндө мыйзам бузуу болгонун жана "өз укугун мыйзамдардын негизинде жана эл аралык укук талаасында коргоо боюнча аракет көрөрүн" билдирген.




Кыргызстандагы “Сапат” билим берүү мекемеси Түркиянын “Маариф” фондуна өткөнү 31-декабрда белгилүү болду.


Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка караганда, “Сапат” 30-декабрда кайра каттоодон өтүп, анын негиздөөчүлөрүнүн катарына “Маариф Улусларарасы Егитим Курумлары” акционердик коому жана Түркиянын “Маариф” фонду кошулду. Андан тышкары Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги бар.


Бул маалыматты кыргыз өкмөтү ырастады. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов “Маариф” фондунун Борбор Азиядагы директору Хүснү Биржан менен жолугушуп, “Сапат” билим берүү мекемелер тармагын “Маариф” фондунун башкаруусуна өткөрүү чечими кабыл алынганын айтканын өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.


Түркиянын Билим берүү министрлигине караштуу “Маариф” фонду (Türkiye Maarif Vakfı) 2016-жылы түзүлгөн. Уюм 2021-жылы Бишкекте фонддун биринчи мектебин ачкан.


Түрк бийлиги 2016-жылы диний аалым Фетхулла Гүленге таандык деп эсептелген билим берүү мекемелеринин ишин токтотууну Кыргызстандан талап кылган. Расмий Бишкек түрк лицейлери өлкөгө эч кандай коркунуч келтирбей турганын билдирген соң эки өлкөнүн мамилеси сууй түшкөн.


2017-жылы Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан “Себат” билим берүү мекемелери бийликтин чечими менен “Сапат” болуп өзгөргөн. Анын жетекчиси Орхан Инанды 2021-жылы Кыргызстандан уурдалып, Түркияда соттолгон.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus