Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Казакстандагы учак кырсыгын иликтөөнүн алгачкы жыйынтыгы бир ай ичинде жарыяланат

“Азербайжан аба жолдору” компаниясына таандык Казакстандын аймагында кырсыктаган учактын кулашынын себептерин иликтөөнүн алгачкы жыйынтыгы алдыдагы 30 күн ичинде жарыяланат. Бул туурасында Казакстандын транспорт министринин орун басары Талгат Ластаев билдирди. Анын айтымында, учурда иликтөө алкагында “талаа иштери" жүрүп, кулаган учактын фрагменттери чогултулуп жатат.


Буга чейин казак расмийлери кырсыктын себептерин иликтөө үчүн Актауга чет элдик адистер келгенин кабарлаган. Алардын арасында Эл аралык жарандык авиация уюмунун, кырсыктаган Embraer үлгүсүндөгү учак чыгарылган Бразилиядагы аба кырсыктарын алдын алуу жана иликтөө борборунун өкүлдөрү бар. Кулаган учактын “кара кутусу” Бразилияга жөнөтүлөрү белгилүү болгон.


Баку-Грозный каттамындагы Embraer 190 жүргүнчү учагы 25-декабрда Казакстандын Актау шаарынын жанында кулаган. Грозныйдын аэропорту учакка конууга уруксат бербей, Махачкалага жиберген. Учак Каспий аркылуу Казакстанга багыт алып, аба майданына жетпей калган.


Борттогу 67 адамдын 38и каза болуп, калганы жаракат алган. Жабыркагандардын үчөө кыргызстандык.


Буга чейин азери бийликтери Орусиянын аймагында аткылоого дуушар болгонун билдирген. Орус президенти Владимир Путин бул кырсыктын Орусиянын аба аймагында болгону үчүн азери тараптан кечирим сураганы менен Кремль учак аткыланганы тууралуу маалыматты ырастабай келет.




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus