Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Садыр Жапаров “Камбар-Ата 1” ГЭСин курууга коңшу өлкөлөр катышарын ырастады

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды жаңы жыл менен куттуктоосунда айтты. Ал узаган жылда өлкөдө бир катар ийгиликтер болгонун белгилеп, алардын катарына Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунунун курулушуна старт берүү, кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча сүйлөшүүнүн аягына чыгышын, ипотекалык турак-жай программасынын ишке аша башташы сыяктуу долбоорлорду атады.


Кыргыз президенти “Камбар- Ата 1” ГЭСинин курулушу азыркы тапта Казакстан менен Өзбекстандын катышуусунда жана Дүйнөлүк банктын колдоосунда алдыга жылып жатканын билдирди. 


Камбар-Ата-1” ГЭСин Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан биргелешип куруу чечимин кабыл алган. Ага ылайык, үч өлкөнүн ортосунда биргелешкен ишкана түзүлөт. Компания ГЭСти башкарат жана анын 34% Кыргызстанга таандык болот. Ал эми Казакстан менен Өзбекстанга 33% бөлүнөт. Буга чейин парламентте үлүштөрдүн пайызынан улам тынчсыздануу айтылган.​


ГЭСти куруу 2024-жылы башталып, биринчи агрегаты 2028-жылы ишке берилет деп пландалган. ГЭС курулуп бүтсө, 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5,6 миллиард кВт саат электр энергиясын өндүрөт. Алдын ала эсеп боюнча, ГЭСтин плотинасынын бийиктиги 256 метрди түзүп, 5,4 млрд кубдан ашуун көлөмдө суу чогултат.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus