Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

"Cапат" билим берүү мекемеси лицейлеринин “Маарифге” өткөнү күтүүсүз болгонун билдирди

“Сапат” билим берүү мекемеси лицейлери Түркиянын “Маариф” фондуна өткөнү “Сапаттын” окуучулары менен студенттерине, алардын ата-энелери, мугалимдери жана кызматкерлерине күтүүсүз болгонун билдирди. Бул тууралуу билим берүү мекемеси Фейсбуктагы баракчасына жазды.


“Бул чечимди кабыл алып жатканда, бардык юридикалык, укуктук маселелердин эске алынгандыгына ишенебиз”, - деп айтылат маалыматта.


Кыргызстандагы “Сапат” билим берүү мекемеси  Түркиянын “Маариф” фондуна өткөнү 31-декабрда белгилүү болду.


Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка караганда, “Сапат” 30-декабрда кайра каттоодон өтүп, анын негиздөөчүлөрүнүн катарына “Маариф Улусларарасы Егитим Курумлары” акционердик коому жана Түркиянын “Маариф” фонду кошулду. Андан тышкары Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги бар.


Бул маалыматты кыргыз өкмөтү ырастады. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов “Маариф” фондунун Борбор Азиядагы директору Хүснү Биржан менен жолугушуп, “Сапат” билим берүү мекемелер тармагын “Маариф” фондунун башкаруусуна өткөрүү чечими кабыл алынганын айтканын өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.


Түркиянын Билим берүү министрлигине караштуу “Маариф” фонду (Türkiye Maarif Vakfı) 2016-жылы түзүлгөн. Уюм 2021-жылы Бишкекте фонддун биринчи мектебин ачкан.


Түрк бийлиги 2016-жылы диний аалым Фетхулла Гүленге таандык деп эсептелген билим берүү мекемелеринин ишин токтотууну Кыргызстандан талап кылган. Расмий Бишкек түрк лицейлери өлкөгө эч кандай коркунуч келтирбей турганын билдирген соң эки өлкөнүн мамилеси сууй түшкөн.


2017-жылы Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан “Себат” билим берүү мекемелери бийликтин чечими менен “Сапат” болуп өзгөргөн. Анын жетекчиси Орхан Инанды 2021-жылы Кыргызстандан уурдалып, Түркияда соттолгон.


Түркиянын Бишкектеги элчилиги андан бери “Сапат” билим берүү мекемесинин лицейлерин жабуу же “Маариф” фондуна өткөрүп берүү өтүнүчү менен Кыргызстандын бийлигине бир нече жолу кайрылган.


“Сапаттын” сайтындагы маалымат боюнча, билим берүү мекемесинин Кыргызстанда 16 лицейи, “Ала-Тоо” университети, 12 башталгыч мектеби бар.


“Маариф” фондунун расмий сайтында 2016-жылдагы төңкөрүш аракетинен кийин 23 өлкөдөн Фетхулла Гүлендин кыймылына таандык делген жүздөгөн мектептер түрк өкмөтүнө өткөрүп берилгени белгиленет. Учурда бул мектептерде 53 миңден ашык окуучу билим алат.


АКШда бозгунда жүргөн диниятчы Фетхулла Гүлен быйыл 20-октябрда дүйнөдөн өткөн. (BTo)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus