Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Тегеран италиялык журналист Чечилия Саланын камалганын ырастады

Тегеран италиялык журналист Чечилия Сала Ирандын "мыйзамдарын бузганы үчүн айыпталып" камалганын билдирди. Бул тууралуу Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары жазышты.


Билдирүүгө караганда Чечилия Сала Иранга 13-декабрда журналисттик виза менен келип, алты күндөн кийин камалган.


Өткөн апта соңунда Италиянын Тышкы иштер министрлиги Cаланы Тегерандын полициясы 19-декабрда кармаганын билдирген.


Ал Италиядагы Il Foglio басылмасынын кабарчысы. Гезиттин жетекчилиги билдиргендей, учурда Сала Ирандын баш калаасындагы Эвин түрмөсүндө кармалып турат.


Басылманын жазганына караганда, Сала Иранга "өзү билген жана жакшы көргөн өлкөдөгү кырдаалды чагылдыруу үчүн" кадимки виза менен эле барган.


Ал 17-декабрда Ирандагы патриархат тууралуу подкаст жарыялаган.




Эл аралык коомчулук Иран бийлигин кош жарандыгы бар же Батыш жарандарын өз пайдасы үчүн жалган айыптар менен камаганы үчүн сындап келет.


Ушул айдын башында эле Ирандын жана Американын жараны, "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун мурдагы кабарчысы Реза Вализаде Тегеранда он жылга кесилген. Ага "душман мамлекет менен кызматташкан" деген айып тагылган.


Вализаде "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна караштуу "Фарда" радиосунда он жыл иштегенден кийин 2022-жылы жумуштан кеткен. Ал Иранга 2024-жылдын башында үй-бүлөсүнө барып, сентябрда камакка алынган.


Иран сөз эркиндигине кысым көрсөтүү боюнча "Чек арасыз кабарчылар" уюму түзгөн тизмеде 180 мамлекеттин ичинен 176-орунду ээлейт.




 


 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus