Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Москвада Армениянын мурдагы коргоо министри кармалды

Армениянын мурдагы коргоо министри Аршак Карапетян Москванын борборунда кармалды. Окуя 29-декабрда болгонун бир катар маалымат каражаттары, анын ичинде РБК, ТАСС жазды.


Карапетян Армениянын суранычы менен кармалган. Буга чейин расмий Ереван ага эл аралык издөө жарыяланган. Арменияда Карапетян "кызматынан кыянаттык пайдаланууга, бийлигинен аша чабууга жана ишкердик ишмердүүлүккө мыйзамсыз катышканы үчүн" айыпталып, ага кылмыш иши козголгон.


2018-2021-жылдары Карапетян Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашиняндын кеңешчиси болгон. Кийин ал Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын жетекчи орун басары болуп турган. 2021-жылдын июль айында Коргоо министрлигинин башына дайындалган. Бир нече айдан кийин эле кызматтан алынган. 


Буга Азербайжан менен Армения аскерлеринин чек арада кагылышы түрткү болгон. Ереван бийлиги анда өлкөгө кол салуу аракети болгонун билдирсе, Баку армян тарап провокацияга барганын маалымдаган. 




Карапетяндын кызматтан алынышын комментарийлеп жатып Пашинян "2021-жылдын 14-ноябрдын таңында ал чек арада баары тынч деп билдирген. Дал ошол маалда азербайжандык аскерлер Армения Республикасынын аймагына чек аранын бир нече тилкесинен кирип келип, алтургай турумдарды ээлеп алышкан. Коргоо министри болуп туруп, ал бул тууралуу же билген эмес же мага жеткирген эмес. Мындай шарттарда мен эч кимди аябайм" деп түшүндүргөн. 


Кызматтан кеткенден кийин Карапетян "Бирдиктүү армян фронту" оппозициялык кыймылын жетектеп баштаган. 




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus