Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Президент ипотекага батир алгандарды каражатты убагында төлөп турууга чакырды

Президент Садыр Жапаров Мамлекеттик ипотекалык компаниядан турак-жай алгандар акчаны өз убагында төлөп турушу керектигин билдирди. Бул тууралуу президент “Кабар” улуттук маалымат агенттигине берген маегинде айтты.


Мамлекет башчы кирешеси чектелүү экенине карабай дароо 2-3 бөлмөлүү батир алып алгандар бар экенин билдирип, айлыгы аз, туруктуу жумушу жокторду биринчи бир бөлмөлүү батир алып турууга чакырды. Садыр Жапаровдун сөзүнө караганда, анын акчасын төлөп бүткөндөн кийин 2-3 бөлмөлүү батирге алмаштырып алуу мүмкүнчүлүгү бар.


“Эми батир алгандар силер дагы кечиктирбей өз убагында төлөп тургула. Силер төлөгөн акчалар башка жакта жүрүп жаткан курулуштарды каржылоого кетет. Төлөмдү убагында төлөбөй, бир ай кечигип калсаңар эле МИК батирди алып, кезекте турган башка кишиге берип коет. Канча убакыт төлөп келген акчаңар да кайтарылбайт. Себеби ижарада жашасаңар айына андан көп акча төлөмөксүңөр да. Амортизация деген бар. Айып пулдары бар. Ар бир мигрант өз мекенинде жашашы үчүн мамлекеттин бардык күчүн жумшап жатабыз. Ошондуктан ар ай сайын убагынан кечиктирбей төлөп, абдан жоопкерчиликтүү мамиле жасагыла”, – деди президент.


16-декабрда Бишкектин Скрябин көчөсүнө Мамлекеттик ипотекалык компания курган 549 батир, 24-декабрда №47 түзөтүү колониясынын ордуна түшкөн “Мурас” турак-жай комплексинен 510 батир ээлерине берилген.


Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда ушул тапта 40 миңден ашуун адам мамлекеттик ипотекага кезекте турат.


Быйыл жыл башында “Менин үйүм 2021-2026” программасынын негизинде жарандарды социалдык турак жай менен камсыздоого багытталган жарлыкка кол коюлган. Аны чечмелеп Фейсбукка пост жазган мамлекет башчы Мамлекеттик ипотекалык компания жалпы 40 райондо, 32 шаарда жана жети облустун борборунда көп кабатуу үйлөрдү кура баштаарын билдирген. (BTo)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus