Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Актаудагы учак кырсыгында жабыркаган үч кыргызстандык Бишкекке алынып келди

25-декабрда Казакстандын Актау шаарына жакын жерде кыйраган учакта аман калган Кыргызстандын үч жараны - Ринат Асанов, Тилек Осмонов жана Эрлан Жунусалиев 30-декабрда атайын борт менен Бишкекке алынып келди.


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) алар аэропорттон “Тез жардам” менен Улуттук госпиталга жеткирилгенин кабарлады.


Саламаттык сактоо министрлиги Тилек Осмонов менен Эрлан Жунусалиевдин абалы канааттандырарлык деп бааланып, Улуттук госпиталдын кыска мөөнөттүү стационардык бөлүмүнө жаткырылганын, Ринат Асановдун абалы туруктуу жана оор экенин билдирди.


Баку-Грозный багытында бараткан жүргүнчү учак 25-декабрда Казакстандын Актау шаарына жакын жерде кыйраган. Грозныйдын аэропорту учакка конууга уруксат бербей, Махачкалага жиберген. Учак Каспий аркылуу Казакстанга багыт алып, аба майданына жетпей кулаган.


Борттогу 67 адамдын 38и каза болуп, калганы аман алган.




Азербайжандын президенти Илхам Алиев 29-декабрда “Азербайжан аба жолдору” компаниясына караштуу Embraer 190 учагы Орусиянын аймагында аткылоого дуушар болгонун билдирип “Орусиянын расмий структуралары кайдагы бир газ баллондун жарылышы тууралуу версияларды айтып жатканы бизди капа кылып, бир чети таң калтырды”,- деди.


Андан тышкары Илхам Алиев 27-декабрда Азербайжан Орусия тарапка авиакырсыкка байланыштуу үч талабын жеткиргенин айтты. Алар: кечирим суроо, күнөөнү моюнга алып, күнөөлүүлөрдү жазалоо жана жабыркагандарга кенемте төлөп берүү.


28-декабрда Илхам Алиев Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефондон сүйлөшкөн. Баарлашуу Кремлдин демилгеси менен уюштурулган. Путин Алиевден “кайгылуу окуя Орусиянын аба майданында болгону үчүн” кечирим сурап, каза болгондордун жакындарына көңүл айткан. (BTo)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus