Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

AP: Израил аскерлери Газада оорукананы өрттөдү

Израил аскерлери Газанын борбордук бөлүгүндөгү ооруканалардын бирине чабуул коюп, өрттөп салышканын Associated Press агенттиги аймактын Саламаттык сактоо башкармалыгына таянып жазды. Анын алдында, 27-декабрь күнү ЦАХАЛ оорукананын ичиндеги бейтаптарды жана дарыгерлерди күчтөп эвакуациялаган. Израил армиясы оорукананы ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) радикал уюму база катары колдонуп келгенин билдирди.


28-декабрдын таңында израил аскерлери Йемендеги хусилер аткан ракетанын мизин кайтарганын маалымдады. Бул таңда израилдиктерди ракеталык чабуул тууралуу эскерткен сиреналардын үнү ойготту.


Апта ортосунда жөөт учактары Йемендеги хусилерге таандык аскердик жайларга сокку урган.




Газадагы согуш башталгандан бери Иран колдогон хусилер Йеменге бараткан кемелерди бутага алып келатат. Кызыл деңиз жана ал жердеги Баб-эл-Мандеб кысыгы аркылуу дүйнөдөгү соода кеме кыймылынын 12% өтөт, жүктүн 30% ташылат.


Хусилер Израилге байланышы бар кемелерди гана аткылап, Газадагы операция үчүн өч алганын айтканы менен, башка кемелер да кол салууга туш болууда.


Быйыл 17-январда Кошмо Штаттар хусилерди “Глобалдык террордук топтордун” тизмесине киргизген.


Газадагы согуш 2023-жылы 7-октябрда хамасчылардын Израилге кол салуусунан башталган. Алар 1200дөй адамды өлтүрүп, 250дөн ашуунун барымтага алган.


Тилкенин саламаттык сактоо мекемеси согуш башталгандан бери анклавда 45 миң 361 киши каза тапканын бейшембиде билдирди.




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus