Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

УКМК Нарында аткаминерлер коррупцияга шектелип кармалганын билдирди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Нарында токой чарба ишканасынын мурдагы директору жана Нарын кадастрынын кызматкери кармалганын кабарлады.



Мекеменин басма сөз кызматы 28-декабрда тараткан маалыматка ылайык, атайын кызмат ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө Нарын токой фондусунан болжолдуу баасы 1 млрд.168 млн. сомду түзгөн аянты 208,7 га жер тилкесин менчикке мыйзамсыз берүү жана ижарага берүү фактысын аныктаган.



Маалыматта: "2016-жылдын июнь айында Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) караштуу Нарын токой чарбасынын директору У. Ш. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, келишим түзүү жолу менен атасы Б.Ш.га токой фондусунун жалпы аянты 208,7 га жер участогун 45 жылдык мөөнөткө ижарага берген. Ошол эле жылы бул жер тилкесинде У.Ш. тарабынан эч кандай документтери жок үй жана кашар курулган. Андан кийин У.Ш. өзүнүн иш-аракеттерине мыйзамдаштыруу максатында Нарын райондук сотунун төрагасы Э.М. менен кылмыштуу бүтүм түзүп, 2017-жылдын 3-апрелинде турак үйү жана курулмалары бар 356,4 м2 жер участогунун менчик ээси деп таануу жөнүндө соттун чечимин чыгарткан", - деп жазылган.



Шектүү ошондой эле Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Нарын филиалынын кызматкери Ж.М. менен тил табышып, 1393,57 м2 жерге жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт алганы, бул Нарын райондук сотунун чечиминде көрсөтүлгөн жер тилкесинин өлчөмүнөн бир топ ашып кеткени кошумчаланган.



2024-жылдын 25-октябрында Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси ("Коррупция") менен козголгон кылмыш ишинин алкагында, У.Ш. жана Ж.М. 27-октябрда Нарын шаардык сотунун чечими менен бир айга камалды.




УКМК козголгон кылмыш ишинин алкагында көрүлгөн чаралардын натыйжасында 208,7 гектарды түзгөн жер тилкеси имараттары жана курулуштары менен бирге мамлекеттин балансына кайтарылганын маалымдады.


Шектүү тараптын жакындары жана алардын адвокаттары комментарий бере элек. (ZKo)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus