Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Орусияда мыйзамсыз жүргөн мигранттардын балдары мектепке кабыл алынбайт

Орусиянын президенти Владимир Путин мыйзамсыз мигранттардын балдарын мектепке жана бала бакчага кабыл алууга тыюу салган мыйзамга кол койду. Мыйзам мигранттардын балдары орус тилин начар билсе да, мектепке алууга тыюу салат - тестирлөө мектепке кабыл алууда милдеттүү түрдө киргизилет.



Мындай чектөөлөр мамлекеттик жана муниципалдык мектеп, бала бакчаларга, коррекциялык жана майыптыгы бар балдар үчүн атайын мектептерге, кесиптик-техникалык окуу жайларга, ийримдерге жана секцияларга киргизилет.



Орусиядагы эмгек мигранттарынын балдарынын интеграциялануу мүмкүнчүлүгүн чектеген бул мыйзамга чет өлкөлүктөрдүн өлкөдө жүрүү эрежелери катталдашкан башка мыйзамдар кабыл алынып жаткан чакта кол коюлду.



Путин бул мыйзамды 19-декабрда түз эфирде комментарийлеп жатып: "Тил билбеген баланы мектепте кантип окутууга болот? Анда балага орус тилин өзүнчө үйрөтүү керек, ал үчүн ким төлөйт?", - деген. 


Быйыл Москвада "Крокус Сити Холлдо" кеминде 145 кишинин өмүрүн алган куралдуу чабуулдан кийин Орусияда мигранттарга каршы маанай күчөгөн. Кылмышка шектүүлөрдүн көбү тажик тектүү жарандар экени аныкталган.


2025-жылдан тартып Москва облусунун бийлиги облус аймагында мигранттарга ишмердиктин бир катар түрлөрү менен алектенүүгө тыюу салынары, мигранттарга байланыштуу бир катар мыйзам жана эрежелер катаалдашары кабарланган.


Расмий маалыматтарга ылайык, Орусияда Кыргызстандын 334 миңдей жараны миграцияда жүрөт.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus