Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

ТИМ Орусияда жаңы жылдан тарта миграциялык мыйзамдар өзгөрөрүн эскертти

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Орусияда чет элдик жарандарга көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган мыйзамдарга 2025-жылдан тартып күчүнө кирүүчү маанилүү өзгөрүүлөр тууралуу кайталап эскертти.


Ага ылайык, 1-январдан тартып, чет өлкөлүк жарандардын Орусияда жүрүү убактысы 180 күндөн 90 күнгө чейин кыскартылат. Бул Орусияда тиешелүү уруксат документтери - убактылуу/туруктуу жашоого уруксат, эмгек же жарандык-укуктук келишии жок жүргөн чет өлкөлүк жарандарга карата колдонулат.


Маалыматта ошондой эле, 5-февралда Орусияда жаңы укуктук режимди киргизген мыйзам күчүнө кирери жазылган. Ал мыйзамга ылайык, Орусиянын аймагында жүрүүгө, жашоого мыйзамдуу негиздери жок чет элдиктер өлкөнүн аймагынан чыгарылат. Өлкөнүн ички иштер органдары (соттор менен бирге) чет өлкөлүк жарандарды айрым укук бузууларды жасаганы үчүн Орусиядан депортациялоого укуктуу болот.


ТИМ бул мыйзам Кыргызстандын Орусиядагы жарандарына да тиешелүү экенин эскертип, бул өлкөдө жүргөн мекендештерди тиешелүү органдарга тез арада кайрылууга жана өздөрүнүн укуктук абалын мыйзамдаштырууга чакырган.


Расмий маалыматтарга ылайык, Орусияда Кыргызстандын Орусияда 334 миңдей жараны миграцияда жүрөт.


Соңку учурларда кыргызстандыктардын Орусиянын аймагына кирүүсүнө тоскоолдуктар болуп, текшерүүлөр күч алууда. Москвага учуп барган кыргызстандыктардын ичинен ондогон жарандар түрдүү себептер менен Орусияга киргизилбей, артка кайтарылган.




Ушундан улам Тышкы иштер министрлиги Орусиянын элчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кырдаалга тынчсыздануусун билдирген.


ТИМ өткөн айдын башында Орусиядагы кошумча коопсуздук чараларынын киргизилишинен жана мамлекеттик чек арадан чет өлкөлүк жарандарды өткөрүүдө көзөмөлдүн күчөтүлүшүнөн улам кыргыз жарандарын зарыл иши болбосо, Орусияга убактылуу барбай турууга чакырган.



Быйыл Москвада "Крокус Сити Холлдо" кеминде 145 кишинин өмүрүн алган куралдуу чабуулдан кийин Орусияда мигранттарга каршы маанай күчөгөн. Кылмышка шектүүлөрдүн көбү тажик тектүү жарандар экени аныкталган.(ZKo)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus