Инд океанындагы кыйратуучу цунаминин 20 жылдыгы эскерилүүдө. Бейшембиде Түштүк-Чыгыш жана Түштүк Азиянын жер-жеринде аман калгандар жана курман болгондордун жакындары чоң көрүстөндөргө барып, гүл коюп, шам жагышты. Апаатта 230 миңден көп киши көз жумган, жүз миндеген турак жай, имараттар кыйраган, эки миллионго жакын киши үй-жайсыз калган, жүз миңдегени жер которууга аргасыз болгон.
2004-жылы 26-декабрда болгон цунамиге Индонезиянын Суматра аралынын жанында күчү 9,1 баллга жеткен жер титирөө алып келген. Бийиктиги 17 метрден ашкан толкундар Тайланд, Шри-Ланка, Индия, Индонезиянын жана дагы тогуз өлкөнүн жээгин басып калган.
Курмандыктардын жарымынан көбү туура келген Индонезияда жакындарын жоготкондор Ачех чөлкөмүндөгү көрүстөнгө барышты. Анда кырсыктан курман болгондордун бир тобу тек-жайы аныкталбастан көмүлгөн.
Ошол зилзала жана цунами адамзат тарыхындагы эң кыйратуучу жаратылыш кырсыктарынын бири болуп калды.