Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Учак кырсыгынан улам 26-декабрда Азербайжанда аза күтүү жарыяланды

Азербайжан бийлиги Баку-Грозный каттамындагы жүргүнчү учактын эмне себептен кырсыкка учураганы азырынча белгисиз экенин билдирди. «Азаттыктын» азери редакциясы жазган маалымат боюнча, президент Илхам Алиев окуяны «чоң трагедия» деп атады, түрдүү версиялар бар экенин, бирок иликтөө аяктамайынча кырсыктын себептерин айтуу эрте болорун белгиледи.


Анын алдында өлкөнүн Башкы прокуратурасынын өкүлү Кенан Зейналов казак тарап менен бирге иликтөө жүрүп, бардык ыктымал версиялар каралганын, зарыл болгон экспертиза жасалып жатканын айткан. Зейналов анын жыйынтыгын сөз кылуу эрте деп кошумчалады.


Бакудан Чеченстандын баш калаасы Грозный шаарына бараткан учак 25-декабрда түш ченде Казакстандын Мангыстау облусунун Актау шаарына жакын жерде кулап түшкөн.


Маалымат агенттиктери билдиргендей, Azerbaijan Airlines авиакомпаниясынын учагы Каспий деңизинин үстүнөн учуп баратканда авариялык кырдаал тууралуу маалымат берген.


Бортто экипаждын беш мүчөсүн кошкондо жалпы 69 киши бар болчу. Азербайжандын Зейналов 31 киши аман калганын билдирсе, Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин акыркы маалыматына караганда аман калган 29 кишинин 27си ооруканага жеткирилген, 11и реанимация бөлүмүндө.


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кулаган учакта үч кыргыз жараны болгонун тактады. Мекеменин маалыматына караганда, азыр үч жаран тең Мангыстау облустук ооруканасында жатат. Алар 2004, 1998, 1988-жылы туулган жарандар.


Биринин абалы оор, калган эки жарандын өмүрүнө коркунуч жок экени, баарына керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатканы кабарланды.


26-декабрда Азербайжанда аза күтүү жарыяланды.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus