Пакистандын аскердик учактары шейшембиде Ооганстандагы Пактика провинциясына сокку урду. Маалыматка караганда, алар Tehrik-e Taliban Pakistan (TTP) исламчыл согушкер тобунун шектүү жайларын бутага алган. Пактика Пакистандын Түштүк Вазиристан аймагы менен чектешет.
Оогандык талибдер бомбалоодон бери дегенде 46 киши каза болгонун, көбү аялдар менен балдар экенин 25-декабрда билдиришти. Бул тууралуу "Рейтер" агенттиги жазды.
Ал эми жергиликтүү тургундар AP агенттигинин кабарчысына кеминде 13 киши өлгөнүн, жарадар болгондор ооруканаларга жеткирилгенин телефондон айтты.
Пакистандын бийлиги жана аскер жетекчилери агенттиктин комментарий берүү өтүнүчүнө жооп бере элек.
24-декабрда Ооганстандын “Талибан” жетектеген бийлигинин атын атабаган өкүлү “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна соккулар тууралуу маалыматты бышыктап, бирок жабыр тарткандардын санын айтуу эрте экенин айткан.
Согушкер топтун жоочулары Ооганстан менен чек ара аймагында жашырынып жүрөт деп эсептеген Исламабад “Талибан” бийлигин аларга каршы чара көрүүгө чакырып келатат. Бирок талибдер TTP Пакистанда жайгашканын айтууда.
21-декабрда согушкерлер Ооганстан менен чек ара аймагында - Түштүк Вазиристандагы текшерүү пунктуна кол салып, 16 аскерди өлтүрүп кетишкен.
Талибдер 2021-жылдын августуна кайрадан Кабулду алгандан кийин Пакистандын чек ара аймагында ТТПнын кол салуулары көбөйгөнү байкалууда.
Пакистандагы жаңжалдарды жана коопсуздукту изилдөө борбору соңку докладында ноябрда Түштүк Вазиристандын курамындагы Хайбер-Пахтунхвада 240тан ашуун киши “террордук окуялардан” каза тапканын жазган. Арасында 68 коопсуздук кызматкери бар.
Ал эми армиянын башкармалыгы ал провинцияда ондогон шектүү согушкер жок кылынганын билдирди.