Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Алып баруучуларды чапкан Илимбек Исраилов беш суткага камалды

Бишкекте тойканалардын биринде иш-чаранын алып баруучуларын микрофон менен чапкан Илимбек Исраилов беш суткага камакка алынды.


Мындай чечимди 25-декабрда Бишкектин Октябрь райондук соту чыгарганын Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди. Судья Илимбек Исраиловду Укук бузуулар жөнүндө кодекстин “Майда бейбаштык” беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты. Бул берене менен айып тагылгандарга 5500 сом айып салынат же 30дан 40 саатка чейинки мөөнөткө коомдук иштерге тартылат. Андан тышкары беш суткага чейин камакка алуу жазасы да каралган.


24-декабрда социалдык тармактарда бир адам микрофон менен алып баруучу Чыңгыз Рыскелдиевди, андан кийин анын жанында турган дагы бир алып баруучу Керемет Сабыржанованы чаап жибергени тартылган видео тараган.


Коомчулукта иш-чаранын алып баруучуларын чапкан адамды жазага тартуу талабын коюшкан.




Илимбек Исраиловго каршы ресторандын администратору арыз жазып, Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы Укук бузуулар жөнүндө кодекстин “Майда бейбаштык” беренесине ылайык аны 24-декабрда райондук башкармалыктын убактылуу камерасына жеткирген.


Илимбек Исраилов бул окуя 22-декабрда болгонун айтып, алып баруучулардан жана коомчулуктан кечирим сураган.


Илимбек (Истамов) Исраилов эки ирет сот жообуна тартылган бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду коргоп акцияга чыгып жүргөн. 2020-жылы Октябрь окуясында бийлик алмашкандан кийин бир катар медиа каражаттарын, “Сорос” фондунун жабылышын талап кылган топтун акциясына катышкан. 2022-жылы “Азаттыктын” кеңсесинин алдына келип, милициянын көз алдында журналисттерди ачык коркутуп, опузалаган. Бул боюнча милицияга арыз жазылганы менен, иштин жыйынтыгы ушул күнгө чейин белгисиз.


“Мекенчил” партиясынын тарапкерлери деп атаган адамдар менен быйыл 9-апрелде кармалып, камакка алынышкан. Кийин соттон акталып чыккан. (BTo)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus