Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Ташиев аскердеги чоңсунууга чаралар күчөтүлөрүн билдирди

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев армияда кызмат өтөөдө чоңсунуу жана уруп-сабоо болбошу керектигин, мындай окуя болгон учурда жетекчилер да кошо жазаланарын эскертти. Бул тууралуу ал 25-декабрда Сузакта “Барпы” чек ара тозотунун жаңы имаратынын ачылышында сүйлөп жатып айтты.  


“Командирлер, күнү-түнү көзүңөрдү албай, карагыла. Эгерде аскерлерден жана алардын ата-энелеринен кайрылуу түшсө, силер жазага тартыласыңар. Туура, аскерди тарбиялап, даярдаш керек. Бирок ушунун баарын уставдын чегинде жасоого мүмкүнчүлүк бар”, - деди Ташиев.


Ал мурда аскерлерди жеке жумуштарга, айыл өкмөттүн, командирлердин ишине тарткан учурлар болгонун, эми мындайга жол берилбей турганын кошумчалады.


Декабрдын башында Улуттук гвардияда кызмат өтөп жаткан жоокер ур-токмокко кабылып, оор абалда ооруканага түшкөн, анын жакындары армиядагы ыдык көрсөтүүдөн бөйрөгү катуу жабыркап, баса албай жатканын айтып чыгышкан.




Коргоо министрлиги аталган факты боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүп, материалдар Аскер прокуратурасына берилгенин билдирген.


 Башкы прокуратуранын маалыматында, 2020-2021-жылдары онго жакын жоокер суицидге барган. 2019-жылы Кыргызстанда аскерде жүрүп каза болгон 13 жоокердин өлүмү суицид катары бааланган. Андан тышкары зордук-зомбулукка байланыштуу бир катар фактылар орун алган. (TB)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus