Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Парламентте жабык жайлардагы кырдаал боюнча маалымат угуу сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев парламенттин 25-декабрдагы жыйынында коомчулукта тергөө абагында жана убактылуу кармоочу жайларда кармалып тургандар сабалып жатканы боюнча сөз болуп жатканын айтты. Бул сөздөрдүн чын-төгүнүн билүү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдардан жана Кыйноолорго каршы улуттук борбордон, Акыйкатчы институтунан маалымат угууну сунуштады.


Буга чейин социалдык тармактардын колдонуучулары абак жайларда кармалып тургандар ачкачылык жарыялаганын, айрымдары сабалганын жазышкан. 23-декабрда ондон ашык киши ушундай талап менен аталган тергөө абагынын алдына чогулган, алар абакта кармалган жакындары менен жолуктурууну талап кылышкан.


Жаза аткаруу кызматы мындай маалыматты төгүндөп, жабык жайлар штаттык режимде иштеп жатканын билдирген.




Акыйкатчы институту 23-декабрда Бишкек шаарындагы №21 мекемеде (№1 тергөө абагы) отургандардан кабар алган. Мекемеден "Азаттыкка" маалымдашкандай, абакта кармалгандар 20дан ашык киши 20-декабрдан бери ачкачылык кармап жатканын айтышкан.


Ошондой эле, абакта 21-декабрдан тарта айыпталуучулардын жана соттолгондордун жактоочулары менен жолугуу жадыбалы өзгөртүлүп, ага ылайык ишемби жана жекшемби күндөрү дем алыш күнү болуп эсептелине баштаган.


Акыйкатчы институту Жазык-процесстик кодексинин 46-беренесине таянып, айыпталуучу өз жактоочусу менен жекеме-жеке жана чектөөсүз убакытта эркин баарлашууга укуктуу экенин эскертти.


Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Акыйкатчы институнун бул билдирүүсүн төгүндөгөн. (TAb)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus