Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Сирияда козголоңчу топторду Коргоо министрлигине бириктирүү аракети жүрүүдө

Сириядагы козголоңчулардын лидери Ахмед аль Шараа (Абу Мухаммед Аль Жулани) шейшембиде козголоңчу топторду жоюп, аларды Коргоо министрлигинин алдына бириктирүүнү алардын лидерлери менен макулдашканын жаңы администрация билдирди.


Өткөн аптада сириялык өкмөт башчы Мухаммед аль-Башир аскердик мекемени өзгөртүп, анын курамына козголоңчу топтордун жана мурдагы президент Башар Асаддын армиясынан качып кеткен аскерлерди кошуу зарылдыгын билдирген.


Reuters агенттиги аль Шараанын алдында татаал тапшырма турганын, ал Асаддын кулаган режимине каршы чыккан козголоңчу топтордун ич ара чыр-чатактарына жол бербеши керектигин жазган.




Сириянын убактылуу өкмөтүнүн коргоо министри болуп “Хайят Тахрир аш-Шам” тобунун башында тургандардын бири Мурхафа Абу Касра дайындалды. Топ АКШда жана бир катар өлкөлөрдө террордук топ деп таанылган.


Аль Шараа Соңку күндөрү Дамаскка келген Батыш мамлекеттеринин дипломаттарын мурдагы бийликтен өч албай турганына же диний жана этникалык азчылыктарга кысым көрсөтпөсүнө ишендирүүдө.


Сирияны 25 жылдай башкарган Башар Асад 8-декабрда козголоңчу күчтөрдүн чабуулунун жыйынтыгында бийлигин таштап, өлкөдөн качууга аргасыз болгон.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus