Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Кыргыз-тажик чек арасы: Өкмөттүк топтордун Бишкекте жолугушуусу өтүп жатат

Кыргызстан менен Тажикстандын жумушчу тобу мамлекеттик чек аранын долбоордук линиясын мыйзамдуу түрдө каттоого материалдарды даярдоо үчүн Бишкекте иштеп жатат.


Мындай маалыматты УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 24-декабрда Баткен шаарында жаңы дайындалган облус жетекчисин активге тааныштыруу учурунда билдирди.


Камчыбек Ташиев 4-декабрда кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча өкмөттүк жумушчу топтор бардык тилкелер боюнча тактоо иштерин аяктаганын, жумушчу топ кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча жыйынтыктоочу документтерди даярдоо иштерин жүргүзүп жатканын айтты.


“2025-жылдын январь айынын аяк ченине чейин тиешелүү жумуштар аяктаса, Жогорку Кеңешке ратификациялоо үчүн киргизилип, андан ары президентибиз кол койот. Март айында толук бойдон тапшырабыз деген үмүттөбүз”, - деди УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев.


11-19-декабрь күндөрү эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жана топографиялык жумушчу топторунун Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында кезектеги жыйыны өткөн.


4-декабрда кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча өкмөттүк жумушчу топтор бардык тилкелер боюнча тактоо иштерин аяктаган.


Президент Садыр Жапаров 13-декабрда кыргыз-тажик чек арасы тууралуу маек берип, “талаш болуп келген жерлерди теңме-тең (50/50) бөлүштүк. Айрым жерлерди теңме-тең алмашуулар болду”, - деп айткан.


Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырым.


Чек ара такталбагандыктан буга чейин суу, жер, жол, жайыт талаштан улам аймакта көп чыр-чатак чыккан. 2021-жылы апрель-май жана 2022-жылы сентябрь айларында кандуу кагылышуулар болгон. (JsA)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus