Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Бишкекте мыйзамсыз делген 15 көп кабаттуу үйдүн курулушу мыйзамдаштырылды

Бишкекте мыйзамсыз деп эсептелген 15 көп кабаттуу үйдүн курулушу мыйзамдаштырылды. Бул тууралуу Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев басма сөз жыйынында айтты.



“Мисалга, Elite House курулуш компаниясы мыйзамсыз курулушу үчүн 2 миң чарчы метр батирлерин мамлекетке өткөрүп берди. Биз мындан улам документтерин мыйзамдаштырып бердик. Биз эмнеге мындай жол менен маселелерди чече албашыбыз керек. Албетте өз убагында коррупциялык элементтер болгон үчүн ушундай курулуштар болгон. Биз андай кызматкерлерибизден арылуунун үстүндөбүз. Бул иштер уланат”, - деди ал.


Нурдан Орунтаев Кыргызстанда жалпы 277 турак жай жана коммерциялык объектинин курулушу мыйзамсыз деп табылганын быйыл июнь айында Жогорку Кеңештин жыйынында айткан. Ал аталган курулуштар 90% жеке менчик жерлерде экенин, алардын коопсуздугуна кепилдик жоктугун белгилеген.


Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги мурдараак башкармалык сот органдарына өткөрүп берген курулуш компаниялардын жана алардын өз билемдик менен жана курууга уруксат кагаздары жок объектилердин тизмесин жарыялаган. Мамкурулуш атайын видеодон сырткары өзүнүн сайтында Кыргызстанда курулуп жаткан объектилердин картасында да мыйзамсыз турак-жайларды өзүнчө белгилеген. Анда мыйзамдуу курулуп жаткан үйлөр көк түстө, мыйзамсыз курулуп жаткан үйлөр кызыл түстө белгиленген.


Агенттик жарандарды соттук териштирүү иштери аяктаганга чейин жана соттун чечими чыкканга чейин аталган объектилерден турак жай сатып албоого чакырган.


2023-жылдын жыйынтыгы боюнча бардыгы болуп 1049 протокол түзүлүп, 38 млн 504 миң сом суммасында айып пул салынган, анын ичинен 21 млн 504 миң сом өндүрүлгөн. (ErN\KS)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus