Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Депутат дарыгерлерди cот жообуна тартуунун жол-жобосун өзгөртүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Винера Раимбачаева биринчи медициналык жардам көрсөткөн дарыгерлерди кылмыш жоопкерчилигине тартуунун жол-жобосун карап чыгууну сунуштады. Бул тууралуу ал 25-декабрда парламенттин жыйынында маселе көтөрүп, дарыгерлер соттун чечими менен камакка алына берсе “бул тармакта иштеген адистер калбай калат” деген пикирин айтты.


“Жакында бир дарыгер жубайлар камакка алынды. Бул көрүнүш абдан жаман. Биринчи медициналык жардамды карап чыгышыбыз керек. Ар бир дарыгер, айрыкча хирург, анестезиолог жана акушер-гинекологдор дайыма ушундай тобокелдик менен иштейт. Биз аларды качан коргойбуз? Анда бизде дарыгерлер калбай калат”, - деди Раимбачаева.


Жыйынга катышып жаткан Жогорку соттун судьясы Нургүл Бакирова депутаттарды соттук териштирүү боюнча нааразы болуп чыккан тараптын гана пикирин эмес, эки жактуу кароого чакырды. Айрым учурда сотторго басым болорун, мындай учур дарыгерлердин ишине байланыштуу териштирүүдө да кайсы тарап чуу салса, сотторго кысым болуп каларын кошумчалады.




Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда тиш дарылоо учурунда каза тапкан үч жашар кыздын өлүмү боюнча иш боюнча 23-декабрда өкүм чыкты. Ага ылайык, айыпталуучулардын бири – стоматолог Айганыш Кадыркулова (5 жыл 6 айга, жолдошу Данияр Таалайбеков 5 жылга эркинен ажыратылды. Мындан сырткары анестезиолог Айнура Туратбекова 6 жылга кесилди.


Ахунбаев атындагы Медакадемиянын медициналык борборунун ошол кездеги директору Муктарбек Искаков (И.М.Б.) 5 жылга кесилип, 3 жыл пробация берилди. Анын бөгөт чарасы камактан эч жакка чыкпоо тилкатына өзгөртүлүп, бошотулду.


Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Соттук кароо быйыл апрелде башталган. (TAb)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus