Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Бакудан Грозныйга бараткан учак Казакстанга кулап түштү

Казакстандын Мангыстау облусунун Актау шаарына жакын жерде учак кулап түштү.


“Азаттыктын” казак кызматы жазгандай, учак Азербайжандын борбору Бакудан Чеченстандын баш калаасы Грозный шаарына бараткан.


Маалымат агенттиктери билдиргендей, Azerbaijan Airlines авиакомпаниясынын учагы Каспий деңизинин үстүнөн учуп өтүп баратканда авариялык кырдаал тууралуу маалымат берген.


Кырсык болгонун Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ырастады.


“Актауда учак кырсыгы болгон жерге ӨКМдин өздүк курамынын 52 кызматкери жана 11 техникасы барды. Барган маалда учактын күйүп жатканы аныкталган”, - деп айтылат министрликтин маалыматында.




Куткаруучулар учак кулап түшкөн жердеги өрттү өчүрүүдө. Жабыркагандардын саны такталууда.


Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги алты адам аман калганын билдирүүдө. Tengrinews басылмасы Мангыстау облустук саламаттык сактоо мекемесине таянуу менен кырсык болгон жерден Актау ооруканасына 12 адам жеткирилгенин жазды.


Embraer 190 учагынын бортунда 67 адам жана экипаждын 5 мүчөсү болгону маалымдалды. Baza телеграм каналы жүргүнчүлөрдүн көбү Азербайжандын жарандары экенин, андан сырткары учакта Орусиянын, Тажикстандын, Кыргызстандын, Казакстандын жарандары да бар экенин кабарлоодо.


Казакстандын Транспорт министрлиги учак кырсыгы боюнча атайын иликтөө иштери жүрөрүн билдирди.


“Болгон окуя боюнча абал такталууда. Атайын иликтөө иши жүрөт”, - деп билдирди мекеме.


“КазАэроНавигация” ишканасы кырсык учактын канаттуулар менен кагылышынан жана башкаруудагы катачылыктан улам болушу мүмкүн деп божомол кылууда. (TAb\ErN)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus