Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Кыргызстандын ТИМи Казакстанда кулаган учакта кыргыз жарандары бар-жогун текшерүүдө

Казакстанда кулаган учакта кыргыз жарандары бар-жогу боюнча маалымат текшерилип жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) расмий өкүлү Сабина Мухамедьянова билдирди.


Ал учурда Казакстандагы кыргыз элчилигинин кызматкерлери иштеп жатканын, окуя болгон аймакка дипломаттар жөнөп кеткенин кабарлады.


Embraer 190 учагынын бортунда 67 адам, анын ичинде экипаждын 5 мүчөсү болгону маалымдалууда. Baza Телеграм каналы жүргүнчүлөрдүн көбү Азербайжандын жарандары экенин, андан сырткары учакта Орусиянын, Тажикстандын, Кыргызстандын, Казакстандын жарандары да бар экенин кабарлаган.


Tengrinews.kz басылмасы Казакстандын Транспорт министрлигине таянуу менен учакта Казакстандын алты жараны жана Кыргызстандын үч жараны болгонун билдирди.


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Азербайжандын президенти Илхам Алиевге Азербайжандын жүргүнчү учагынын кыйрашына байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.


“Көптөгөн адам курмандыгына алып келген азербайжандык жүргүнчү учагынын трагедиялуу кыйрашы тууралуу бүгүнкү суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана ушул трагедиянын кесепетинен жабыр тарткандардын баарына тезирээк сакайып кетишин каалайм. Орду толгус жоготуунун аза-кайгысын тең бөлүшөм”, - деп айтылат Садыр Жапаровдун телеграммасында.


Азербайжандын борбору Бакудан Чеченстандын баш калаасы Грозный шаарына бараткан учак 25-декабрда Казакстандын Мангыстау облусунун Актау шаарына жакын жерде кулап түштү.


Маалымат агенттиктери билдиргендей, Azerbaijan Airlines авиакомпаниясынын учагы Каспий деңизинин үстүнөн учуп өтүп баратканда авариялык кырдаал тууралуу маалымат берген.


Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги жыйырмадан ашык адам аман калганын билдирүүдө. Tengrinews басылмасы Мангыстау облустук саламаттык сактоо мекемесине таянуу менен кырсык болгон жерден жабыркагандар Актау ооруканасына жеткирилгенин жазды. (ErN)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus